Башкы беткеСаясат жана коомКоомКуурап калган дарактар

Куурап калган дарактар

Кыргызстан ар дайым мөңгүлөрдөн башталган суулары менен сыймыктанат. Бирок ошол күркүрөп-шаркырап аккан агын суу Бишкекке жетпей, жетсе да шаар көчөлөрүн аралай, жайдын аптабында суудан көзү каткан бак-дарактарга жетпей калганы өтө өкүнүчтүү.

Эгер шаарга жетсе, анда баш калаанын көркүн чыгарып, ажарын ачып, жайкы саратанда ары-бери өткөн шаардыктарга көлөкө болушкан бак-дарактар сугарылып, жапжашыл болуп турбайт беле.

Алыс барбай эле, өкмөттүк трассанын бою болгон Ахунбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде куурап калган 6-7 бакты санадык. Быйыл жай бою суу ичпегендей.

Саргарган дарактар: “Бу шаарда калаа башчысы деген барбы? Болсо, кана?” –деп  саргарып тургандай. Болуптур, мэрдин иши көп, ар бири бакка, даракка арык менен суу тартып келе албайт экен, тиги бечара бактарга куюп койгон эки чака суу, бир сугатчы жокпу?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар