Албетте, узун макала жазууга аргасыз болгонубуз үчүн окурмандардан алдын-ала кечирим сурайбыз. Бирок, 30 жылга созулган бул окуянын чоо-жайы түшүнүктүү болушу үчүн ушуга барууга туура келди.
Окуяны хронологиясы менен баяндап берсек, төмөнкүдөй.
- 40 га кайрак жер “Нуска” АКсына Кант райондук кеңешинин 04.10.1991-ж. №446 чечими менен көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн акысыз жана мөөнөтсүз берилген. Жерди пайдалануу укугуна мамлекеттик актыларды жазуу китебинде №7/11 болуп катталган. Анда жердин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун (ФПСтин же ГФСУнун (кыргызча – АЧЖМФ)) жери экендиги жөнүндө маалымат жок (дароо айта кетсек, бул сөздү мындан ары кайра-кайра кайталап айтуубуздун себеби макаланын аягында түшүнүктүү болмокчу).
Бул жер участогунда “Нуска” АКсы өз каражаттарынын эсебинен зарыл курулмаларды жана курулуштарды жасаган. Бирок, кийин чарба чыгашалуу болуп калып, “Суусамыр” ЖЧШсына (директору Марат Гараев) сатууга аргасыз болгон. Мыйзамдарга ылайык, курулмаларга жана курулуштарга менчик укугу өткөн кезде ал объектилер менен кошо жер участокторуна ээлик кылуу же пайдалануу укугу да кошо өтөт.
Эске салсак, союз кыйрагандан кийинки өлкөдөгү баш аламандык жана чарбалык байланыштардын үзүлүшүнөн улам, көптөгөн чарбалар банкрот абалга жетип, өз алдынча чарба жүргүзүү тажрыйбасы жок адамдар жерлерин иштете алышпай, сатууга аргасыз болушкан. Мындай учурда сейрек гана адамдар чарбаларды сактап жана иштетип кетишкен.
- 1994-жылдын башында “Суусамыр” ЖЧШсынын башчысы М.Гараев Талгатбек Кожогуловго көмөкчү чарбаны сатып алуу сунушун берет. Өз кезегинде “Нуска” АКсынын президенти Эсен Джунушалиев “Нура” фирмасынын директору Т.Кожогуловго вагон-үйдү сатып алууну сунуштаган. Ошентип, Т.Кожогулов 11.05.1994-ж. сатуу-сатып алуу келишими менен мурда “Нуска” АКсына тиешелүү 40 га жерди курулуштары жана көмөкчү жабдуулары менен жана 09.07.1994-ж. вагон-үйдү сатып алган (анда да жердин АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат жок).
Мындан тышкары, жер жана мүлк ээлеринин жер иштетүү боюнча чыгымдарынын баарын жаап берген.
Мына ушул сатуу-сатып алуу келишиминен кийин чарба мүлктөрү жери менен кошо Т.Кожогуловдун менчигине өткөн.
- Кант раймамадминистрациясы 24.01.1994-ж. №26 токтому менен Т.Кожогуловго (“ТАиН” ДЧ) жана В.Дигайга (“Эврика” ДЧ) дыйкан чарбасын жүргүзүү үчүн “Заветы Ленина” колхозунун территориясынан өмүр бою мураска калуучу ээлик кылууга ар бирине 6,6 га жер аянттарын бекитип жана мамакт берген. Кийин В.Дигай өзүнө тиешелүү жер участогун Т.Кожогуловго бекитип берүүнү өтүнүп, райондун акими Л.Ходячихке кайрылып, ал жактырылат.
Бирок, Кант раймамадминистрациянын 12.05.1995-ж. №193 токтому менен бул эки дыйкан чарбасынын ээлик кылуусунан 13,2 га (6,6+6,6 га) жер участогу алынып, ал жерде Улуттук жер фондун түзүү чечими чыгарылган. Токтомдун 3-пунктунда “Норус” дыйкандар ассоциациясына жер участогун айдоо жана айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү тапшырылган.
Дароо айта кетсек, бул токтом мыйзамсыз эле болбостон, сабатсыз да жазылган: анын преамбуласында кайсы мыйзамдын негизинде экени көрсөтүлбөй, болгону “бир жыл аралыгында пайдаланылбагандыгы үчүн” деп гана жазылган. Жердин пайдаланылбагандыгы боюнча бир да документ (акт, маалымкат, протокол ж.б.) тиркелбеген. Дагы тактап айтсак, дыйкан чарбаларга берилген жер 3 жыл салыктан бошотулат жана кайра алып коюу жөнүндө жобо жок болгон. Бул, иш жүзүндө жергиликтүү бийлик тарабынан жасалган рейдерлик болгон.
4. Бир жылдан кийин А.Курма-налиевдин 28.04.1995-ж. “Т.Кожогулов сатып алган көмөкчү чарба ээсиз болуп саналат” деген катынын негизинде эле аким С.Абсаматов кол койгон раймамадминистрациянын 29.05.1995-ж. “Нус-ка” АКсынын жалпы аянты 44 га болгон жер участогун А.С.Курманалиевге кайра бекитүү жөнүндө” №212 токтому менен Т.Кожогуловдон чарбасы жана мүлктөрү 44 га жер участогу менен кошо алынып, А.Курманалиевдин ал убакта каттоодон да өтө элек “Алис” фермердик чарбасына берилип кетет (?). А.Курманалиев 2 күндөн кийин гана – 31.05.1995-ж. аким С.Абсаматовго “Алис” фермердик чарбасынын уставын каттап берүү жөнүндө арыз жазып, ал ошол эле күнү катталат (!).
Бул рейдерлик аракеттин экинчи фактысы болгон. Кызыгы №212 токтомдо да, Мамлекеттик актыларды жазуу китебинде №117 болуп катталган А№002711 номерлүү мамлекеттик актыда да жердин АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат жок.
- Кант райондук кеңешинин төрагасы А.Тараканов кол койгон “Нура” фирмасынын башкы директору Т.Кожогуловго 12.09.1995-ж. 1/67 чыг. номерлүү жооп катында: “Кант райондук кеңеши “Нура” фирмасы “Суусамыр” ЖЧШсынан аянты 40 (кырк) га болгон көмөкчү чарбаны (1991-жылдын 18-декабрындагы Б №000737 жерлерди пайдалануу укугуна мамлекеттик акт) – кошумча курулуштары менен жалпы наркы 44 000 (кырк төрт миң) сомго сатып алганын тастыктайт” деп жазылган. Анда да жердин АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат жок.
- А.Курманалиевдин “Алис” ФЧсы алгандан кийин ал жер максаттуу пайдаланылбаган, айдалбаган, эч нерсе эгилбей, куурай басып баштаган. Бул боюнча соттук комиссиянын жерине чыгуу менен 06.09.1996-ж. түзүлгөн 2 актысында көрсөтүлгөн. Аларда белгиленгендей, чарбанын мүлкүнө да зыян келтирилген. А.Курманалиевдин дыйкан чарбасын иштетүү жөнүндө ою да болбогонунун дагы бир фактысы – ал банктан чарбасына эсеп ачпагандыгы. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун суроо-талабы боюнча “Агроөнөржай-банк” АКсынын Кант бөлүмүнүн 03.04.1996-ж. маалымдамасында тастыкталып турат.
Ленин райондук сотунун суроо-талабы боюнча Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы Н.Джигардын 11.03.1996-ж. берген жообунда, “Норус” дыйкандар ассоциациясынын берген жообунда, Ленин райондук сотунун сот аткаруучусу А.Исраиловдун 06.09.1996-ж. эки актысында да чарба ээсиз калгандыгы тастыкталган.
Ал эми №212 токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй, Т.Кожогуловдун чыгымдарынын орду толтурулуп берилген эмес. Анан бул рейдерлик эмей эмне?!
- Жер пайдалануусуз калгандан кийин, Кант райондук жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары боюнча башкармалыгынын начальниги К.Сыдыков Т.Кожогуловго кат менен кайрылууга аргасыз болот. Катта: … “Алис” дыйкан чарбасынын (башчысы Курманалиев) участогунун территориясындагы Сиз сатып алган имараттарды жана курулуштарды өзүңүз пайдаланышыңыз керек, себеби, Курманалиев мырза Кант райондук администрациясына бул участокту алуу жана “Алис” дыйкан чарбасын жоюу өтүнүчү менен кайрылды жана Сизге курулуштар менен имараттар үчүн төлөй албайт” деп жазат. Муну менен курулуштар жана имараттар жайгашкан жери менен Т.Кожогуловго таандык экени таанылып жатпайбы!
Бул катта да жердин АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат жок.
Ошентип, жер участогу Кант раймам-администрациянын 05.11.1997-ж. №729 токтому менен “Алис” чарбасынан алынып, кайрадан Т.Кожогуловдун фермердик чарбасына ээлик кылуу үчүн бекитилип берилген. Токтомдо көрсөтүлгөндөй, 44 га жердин ичинен: 39 га – кайракы айдоо, 0,7 га – дарак-бадал өсүмдүктөрү, 0,3 га – курулуштар астындагы жана 1,0 га – суу баскан жерлер болгон.
Ушул эле токтом менен жогоруда айтылган 44 га жер менен чектешкен, Т.Кожогуловдун өзүнө тиешелүү 13,2 га жери: 10 га – сугат айдоо, 3,2 га – фермердик чарбаны өнүктүрүү үчүн жайыт жер кошо бекитилип берилген. Жалпысынан, Т.Кожогуловдун чарбасына тишелеүү бекитилген жердин аянты 57,5 га деп эсептелген.
Дароо айта кетсек, кийин ушулардын ичинен Т.Кожогуловдун өзүнө башында эле тиешелүү болгон дал ушул 13,2 га жер документтерде көрсөтүлбөй, тагдыры бүгүнкү күндө белгисиз бойдон калууда. Ал 16.11.2020-жылдагы кадастрдык планда көрсөтүлбөгөн.
Кадастрдык планда көрсөтүлгөн жалпы аянты 21,5 га жер тилкеси менен фермердик чарбанын жалпы аянты 57,5 га жер тилкесинин ортосунда эч кандай жалпылык жок! Кадастрдык планда өлчөмү 10 га сугат аянт жана өлчөмү 3,2 га жайыт жок. Мамкаттоо №459 контур менен чектелип, бул жер тилкелерин жашырган. Токтомдо жана мамлекеттик актыда бул жерлер фермердик чарбага бекитилген, арийне Мамкаттоонун расмий материалдарында алар жок. Эмне үчүн? Мамкаттоо эмне үчүн өлчөмү 13,2 га түзгөн бул жерлерди жашырып жатат?
Кадастрдык планда эч кандай укук белгилөөчү (правоустанавливающий) документ жок эле каттоо органынын укуктарын кыянат пайдалануу менен Ысык-Ата мамкаттоосу чындыкка дал келбеген маалымат түзүп, фермердик чарбанын 23 га жер аянтынын ордун анын 18 гектарын “АЧЖМФнын жерлери” катарында көрсөтүп, өлчөмү 5 га жер тилкесин жашырган, натыйжада 11.05.1994-ж. сатуу-сатып алуу келишими боюнча Т.Кожогулов сатып алган имараттар жана курулмаларды фермердик чарбага тиешеси жок, АЧЖМФнын аймагында кылып түзгөн. Мамкаттоо ушундай жол менен эсепке алынбаган 5 га жер тилкесин түзгөн.
Көңүл буруп коюңуздар: 20.04.2005-ж. №58 (80) чечим жана 18.01.2006-ж. анын негизинде А.Шашинге берилген, өлчөмү 0,60 га жер тилкесинин №146, Ч сериясындагы №269522 мамактысы сот тарабынан жараксыз деп табылганына карабастан, мамактыны жокко чыгаруунун ордуна Мамкаттоо бардыгын тескери жасаган. Шашинге тиешеси жок 0,60 га жерди 7-04-11-0004-0164 идентификациялык коду менен кадастрдык планга мыйзамсыз киргизген.
Бул кадастрдык план кыймылсыз мүлктү тартып алуунун коррупциялык схемасы болуп саналат – ал Т.Кожогулов Ысык-Ата раймамкаттоого кайрылганга чейин көп убакыт мурда эле даярдалган.
Каттоо органынын укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, кадастрдык пландагы мыйзамсыз фактыларды жасаган топограф М.Кайназаровго төмөнкү суроолор бар:
– Кайсы укуктук актынын негизинде 18 га жер АЧЖМФнын жери деп кадастрдык планга киргизилген?
– Эмне себептен айырмасы 5 га жер тилкеси эсепке алынбай, фермердик чарбанын 23 га жер аянтынын ордуна өлчөмү 18,0 га жер тилкеси АЧЖМФнын жери катарында кадастрдык планга киргизилди?
– Бул 5 га жер кайда?
– Кайсы документтердин негизинде Т.Кожогулов сатып алган курулуштар жана курулмалар АЧЖМФнын аймагына кирип калат?
– Кайсы мыйзамдын негизинде А.Шашинге идентификациялык код коюлуп, кадастрдык планга киргизилген?
– А.Шашин бүгүнкү күнгө чейин өзүнө тиешелүү болбогон жерде эмнени күтүп отурат?
– Кадастрдык планда фермердик чарбанын ага чейин болуп келген 10 га сугат аянты жана 3,2 га жайыты эмне үчүн жок?..
- Андан ары, Кант райондук жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары боюнча башкармалыгы тарабынан Т.Кожогуловдун наамына 17.03.1998-ж. “05.11.1997-ж. №729 токтомдун негизинде 57,5 га жер фермердик чарба жүргүзүү үчүн ээлик кылууга бекитип берүү жөнүндө” №018852 сериядагы мамлекеттик акт берилген.
Ал мамакт бүгүнкү күнгө чейин бир да мамлекеттик орган же сот тарабынан жокко чыгарылбаган! Анда да жердин АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат жок.
- “Кыргызгипрозем” мамлекеттик долбоорлоо институту (МДИ) 21.11.2019-ж. 01-8/1487 чыг. номерлүү катында мындай деп билдирет: “Кант районунун “Заветы Ленина” колхозунун, азыркы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагынын жерлерин инвентарлашты-руунун материалдарына ылайык, институт тарабынан 1992-жылы аткарылган суралып жаткан жер участогу №459 инвентарлаштырылган контурда – иш жүзүндө 43,7 га жалпы аянты менен “Нуска” АКсында башка жер пайдалануучулардын пайдалануусунда болуп саналат”. Бул жоопто да жердин
АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат жок. - Ошол эле “Кыргызгипрозем” МДИ 02.03.2022-ж. 0-19/328 чыг. номерлүү жоо-
бунда мындай маалымат берет: “…Сиздер сурап жаткан контур №459 “Нуска” акционердик коомунун (башка жер пайдалануучулардын жери) жалпы аянты 43,7 га, анын ичинде 40 га айдоо жер, 0,9 га жайыт жер, 0,6 га га бадал баскан жер, 1,2 га саз баскан жер, 0,1 га суу астындагы жер, 0,3 га канал менен коллекторлордун астындагы жер, 0,2 га жолдордун астындагы жер, 0,3 га курулуштардын астындагы жер жана 0,1 га башка айыл чарбасына колдонулбаган жер”. Бул
жоопто да жердин АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат
жок. - “Кыргызгипрозем” МДИ 14.07.2022-ж. 01-9/1115 чыг. номерлүү дагы бир жообунда мындай маалымат берет: “Сиз сураган участок …№459 контурда жайгашкан, контурдун жалпы аянты – 43,7 га. Бул жер участогу “Нуска” акционердик коомунун (башка жер пайдалануучулардын участогу) жери деп көрсөтүлгөн. Координаттардын каталогу 1:100 000 масштабдагы картага ылайык түзүлгөн”. Бул жоопто да жердин АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат жок.
Мына ошентип, 9 (!) документте тең Т.Кожогуловдун чарбасына тиешелүү жалпысынан 57,5 га аянты бар жердин кайсы-бир бөлүгүнүн АЧЖМФнын жери экендиги жөнүндө маалымат жок! Демек, ал жер участокторуна
АЧЖМФнын эч тиешеси жок деп тастыктоого болот.
Чиновниктердин сабатсыздыгыбы же мыйзамды тоотпогондугубу?..
Жогорудагы документтер тарабынан тастыкталып турганына карабастан, жергиликтүү айрым чиновниктер Т.Кожогуловдун жеринин бир бөлүгүн мыйзамсыз тартып алуу аракетин көрүп келишкен. Алар эч кандай укук белгилөөчү (правоустанавливающий) документ жок эле Т.Кожогуловдун жеринин чоң (36,0 га) бөлүгүн АЧЖМФнын жери дегенди ойдон чыгарышып жана ага шилтеме кылышып мыйзамсыз ижарага беришип, сатышып, анын жерге укугун бузушуп, тиешелүү түрдө ала турган кирешесинен куру жалак калтырышкан.
Ошондой эле сатуу-сатып алуу келишими менен алынган курулмаларды узак жылдар бою мыйзамсыз тартып алуунун үстүндө аракеттенишип, фермердик чарбанын курулмаларын бүгүнкү күнгө чейин каттоодон өткөрбөй келишти.
Т.Кожогуловдун №459 контурдагы менчик жеринен “ижарага берүү-нүн” (сатуунун) биринчи аракети, жогоруда айтканыбыздай, 1995-жылы А.Курманалиевдин “Алис” дыйкан чарбасына берүү болсо, экинчи аракети – Логвиненко айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы С.Эсенбековдун 12.03.2003-ж. АЧЖМФнын жерине (иш жүзүндө Т.Кожогуловдун жерине) ижара келишими менен А.Шашинге Т.Кожогуловдун 15 га жерин алгач 2003-жылдан 2008-жылга чейин, андан кийин 26.02.2008-ж. АЧЖМФнын жерине ижара келишими менен 18 га жерин 26.02. 2013-ж. чейин ижарага берип салуусу.
С.Эсенбеков муну менен тим калбастан, айыл өкмөтүнүн 20.04.2005-ж. №58 (№80) чечими менен ошол эле №459 контурдагы Т.Кожогуловдун менчигиндеги жерден 0,60 га жер учас-тогун мал кармоо жана дыйкан чарбасын андан-ары өнүктүрүү үчүн деп А.Шашинге менчик укугунда бекитип берген.
Айыл өкмөт башчысынын би-рөөнүн менчигиндеги жерди берүүгө кандай укугу бар эле?! Ошентсе да ага 18.01.2006-ж. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы (Раймамкаттоо) тарабынан мамлекеттик акт берилет.
Ага мыйзамдуу түр көрсөткүлөрү келишкенби, айтор, 4 айдан кийин – 03.08.2005-ж. жерлерди конкурс-тук негизде сатуу боюнча аукцион өткөзүшүп, ошол эле жер участогун кайрадан А.Шашинге 10 700 сомго сатышкан болот. Шашин ал жерге уй короо салып мал бакканга киришкен. Бул курулушка Ысык-Ата районунун архитектура башкармалыгынын уруксат кагазы бардыгы же жоктугу белгисиз.
Бул – айыл өкмөт башчысы С.Эсен-бековдун мыйзамды билбегендиги же тоотпогондугу. Ошол Самыйбек Эсенбеков, кийин анын ордуна келген Алмаз Дооронбеков, айыл өкмөтүнүн юристи Айнагүл Бакасова, раймамкаттоонун башчысы Мырзабек Шамшиев, мамкаттоонун юристи Сымбат Кокшенова жана Ысык-Ата раймамадминистрациянын юристи Марипа Бейшембаева сотко берилген далилдерди жасалмалоо менен көмөкчү чарбаны жана фермердик чарбанын 57,5 га жер тилкесин тартып алуу максатында Чүй облустук сотунун 14.08.2014-ж. аныктамасын жана Жогорку соттун 03.11.2015-ж. токтомун чыгартып алышкан (алар кийин далилденди).
Ал үчүн Ысык-Ата раймамадминистрациянын 07.12.2001-ж. “Атайын фонддун жерлерин айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна берүү жөнүндө” №1345 токтомунун №1 тиркемесиндеги Логвиненко айыл өкмөтүнө тиешелүү тизменин 14-катарындагы адамдын фамилиясын, ага тиешелүү токтомдун номерин жана датасын өчүрүп, аны Т.Кожогуловдун фамилиясына алмаштырышып расмий түрдө бардык сотторго жана мамлекеттик органдарга берип келишкен.
Атап айтсак, Ысык-Ата раймамадминистрациясынын 07.12.2001-ж. “Атайын фонддун жерлерин айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна берүү жөнүндө” №1345 токтомуна №1 тиркемеде Кант раймамадминистрациясынын “Кыргыз Респуб-ликасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамынын 6, 7-бер. негизинде күчүн жоготкон токтомдорунун тизмеси берилген. Ал тизмеге документтерди жасалмалоо менен Т.Кожогуловдун да фамилиясын киргизишкен.
Ал жетекчилер менен юристтер узак жылдар бою мыйзамсыз аракеттерди жасашып, башкаларды алдап, натыйжада 2001-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Логвиненко айылдык кеңешинин бардык чакырылыштагы депутаттары ушул 3 мамлекеттик органдын жетекчилери менен юристтеринин жасалма документтерине ишенишип, Т.Кожогуловду жаманатты кылууга аракет жасап келишет. Алар Кант раймамадминистрациясынын 05.11.1997-ж. №729 токтому менен бекитилген 57,5 га жерге 17.03.1998-ж. №018852 мамактынын негизинде Т.Кожогуловдун ээлик кылганына карабастан, бул жосундарынын ачыкка чыкпастыгын бөркүндөй көрүшкөн. Алар башка мекемелердеги чиновниктер менен көмүскө сүйлөшүү аркылуу мамлекеттик жана сот органдарынын бардык инстанцияларына, атүгүл Коопсуздук кеңешине жана чарбанын жетекчиси Т.Кожогуловго атайын жалган жана бурмаланган
маалыматтарды жиберүү менен аны 19 жыл бою салык төлөтүүгө мүмкүндүк
беришпеген.
Бирок, Т.Кожогулов 22.04.2019-ж. Чүй облустук мамлекеттик архивине кайрылып, №1345 токтомдун архивдик көчүрмөсүн алганда, анын №1 тиркемесинде Т.Кожогуловдун фамилиясы болбогону аныкталган. Бул факт соттордо иштин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралышына негиз болуп берген.
Мамкаттоонун жообу даярбы?..
Раймамкаттоонун башчысы М.Шамшиев 16.03.2012-ж. №182 чыг. номерлүү жообунда “раймамадминистрациянын №729 токтому азыркы аракеттеги мыйзамдарга туура келбейт (КРнын Жер кодекси жана каттоо боюнча мыйзамына)” деген жүйөөнү көрсөт-
көн.
Бирок, чиновник мыйзам эч качан артка карай күчкө (обратной силы) ээ эмесин билбейт окшойт. Экинчиден, мамлекеттик органдардын документтеринин мыйзамга туура келишин же келбешин прокуратура жана сот органдары гана аныктай турганын
да.
Аны менен катар жоопто “раймамадминистрациянын 07.12-2001-ж. №1345 токтому менен сизге жер берилген 05.11.1997-ж. №729 токтом жокко чыгарылган” деп жүйөөлөнөт.
Иш жүзүндө аталган токтом менен 05.11.1997-ж. №729 токтом жокко чыгарылган эмес!
М.Шамшиев Ысык-Ата РИИБнын тергөө кызматына атайылап жалган жана чындыкка дал келбеген кезектеги катты жиберген жана анда: “… “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынын маалыматы боюнча, Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичке таандык менчик укук же жер тилкесин пайдаланууга укугу катталган эмес…” деп айтылат (Ысык-Ата мамкаттоосунун РИИБнын тергөө кызматына жиберген 23.01.2020-ж. №301-10/49 чыг. номерлүү каты).
(Уландысы бар)
Т.ИСХАКОВ