Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзамдын максаты бөгөт коюу чаралары системасында күрөөнүн ролун күчөтүү жана аны кыйла натыйжалуу колдонууга өбөлгө болуучу механизмдерди иштеп чыгуу, ошону менен бирге, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө видеоконференц байланышты жакшыртуу экени жазылат.
Мыйзамда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин төмөндөгүлөрдү белгилеген ченемдер менен толуктоо каралган:
− “видеоконференция байланышы” жана “трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)” түшүнүктөрү;
− айыпталуучунун соттук отурумдардын протоколдору менен (анын ичинде аудио- жана видео жазуулар менен) таанышууга жана аларга карата сын-пикирлерди берүүгө, телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде соттук отурумду трансляциялоону (онлайн-трансляциялоону) колдонуу аркылуу соттук териштирүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктары;
− милдеттүү түрдө аудио- жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу;
− аудио- жана видео жазуулардын жоктугу соттун чечимин өзгөртүүгө, кайра кароого же жокко чыгарууга негиздердин бири болуусу;
− кылмыштын оордугуна жараша күрөөнүн минималдуу өлчөмдөрү.