Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИндонезияда жанар тоо атылды

Индонезияда жанар тоо атылды

Индонезияда жанар тоо атылып, коркунучтун деңгээли жогорулады. Бул тууралуу Известия өлкөнүн жанар тоо боюнча агенттигинин маалыматына таянып кабарлады.

Анда белгиленгендей, Индонезиядагы Флорес аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан Левотоби Лаки-Лаки (Мале) жанар тоосунда активдүүлүк байкалганын жүргүзүлгөн анализ көрсөттү.

“Мындан улам Левотоби Мале жанар тоосунун коркунучу жогору. Активдүүлүк III деңгээлден IV деңгээлге чейин жетти”, — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу агенттик Нуса-Тенагра провинциясындагы туристтерди жана жергиликтүү тургундарды тынчтыкты сактап, айтылган сунуштарды аткарууга чакырды.

Агенттик берген статистикага ылайык, Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосу күн мурун бир нече жолу атылып, коюу боз күлүн чачты. Активдүүлүктүн деңгээлинин жогорулашы дагы эле байкалууда.

Филиппиндин сейсмология институту (PHIVOLCS) 13-майда Негрос аралындагы Канлаон жанар тоосунун чокусунун кратеринде орточо атылышы мүмкүн экенин эскерткен. Адистер учурда жанар тоо «магматикалык толкундоолор» абалында экенин тактап, жаңы атылышын эскертишти.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар