Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаДыйкан-фермерлерге 4 тармак боюнча жеңилдетилген насыя берилди

Дыйкан-фермерлерге 4 тармак боюнча жеңилдетилген насыя берилди

15-майга карата «Айыл чарбасын каржылоо – 13» мамлекеттик долбоорунун алкагында жалпысынан 4006 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Насыялоонун жалпы суммасы 2 млрд 451 млн 407 миң сомду түздү.

Негизги 4 багыт боюнча:

🔹 Өсүмдүк өстүрүү:
 Жалпы 746 насыя берилди, суммасы – 358 млн 878 миң сом.
– «Айыл Банк» – 395 насыя (187,7 млн сом)
– «Элдик Банк» – 351 насыя (171,1 млн сом)

🔹 Мал чарбачылык:
 3 180 насыя берилди, жалпысынан 1 млрд 940 млн 521 миң сом.
– «Айыл Банк» – 1 425 насыя (879,3 млн сом)
– «Элдик Банк» – 1 755 насыя (1 млрд 61,2 млн сом)

🔹 Сууну үнөмдөөчү технологиялар:
15 насыя берилди, суммасы – 12 млн 700 миң сом.
– «Айыл Банк» – 12 насыя (10,2 млн сом)
– «Элдик Банк» – 3 насыя (2,5 млн сом)

🔹 Лизинг:
65 насыя берилди, суммасы – 139 млн 308 миң сом.
– «Айыл Банк» – 41 насыя (84,7 млн сом)
– «Элдик Банк» – 24 насыя (54,6 млн сом)

Министрликтин маалыматына ылайык, насыялардын басымдуу бөлүгү мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар