whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеМекендештер жана тагдырМекендештерТүштүк Суданда кызмат көрсөткөн кыргыз полковниги

Түштүк Суданда кызмат көрсөткөн кыргыз полковниги

Түштүк Судан Республикасы — дүйнөдөгү эң жаш мамлекеттердин бири. Ал Чыгыш Африкада жайгашкан. Борбору Жуба шаары. 2011-жылдын январь айында Түштүк Судандын Судандан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болуусу боюнча референдум өтүп, ага катышкандардын 98,83%ы көз карандысыздык үчүн добуш берген. Ошентип, Түштүк Судан 2011-жылдын 9-июлунда Судандан расмий түрдө бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгондугун
жарыялаган.

Түштүк Судан Республикасы эгемен мамлекет болгон күнүнөн көп өтпөй, БУУга мүчө болгон. Ошондой эле, бардык министрликтер, анын ичинде куралдуу күчтөр жана тартип коргоо органдары менен өз аймагын толук жана натыйжалуу көзөмөлдөөнү уюштурууга жетишкен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ички иштер органдарынын жана аскерлеринин өкүлдөрү 2011-жылдан бери Түштүк Суданда БУУнун миссиясы боюнча кызмат көрсөтүп келишет. Алардын бири Түштүк Судандагы БУУнун тынчтыкты орнотуу боюнча миссиянын катышуучусу, милициянын полковниги Есенов Уланбек Аскаралиевич.

– Уланбек, сиздердин эң негизги милдеттериңиздер кандай?

– Түндүк Судан Түштүк Судандын эгемендигин тааныган мамлекет болгонуна карабай, эки өлкөнүн ортосунда чек ара жана мунай боюнча дагы көптөгөн чечилбеген маселелер боюнча чыр чыгып турат. Өзүңүздөр билгендей, өлкөдөгү бир нече уюшкан куралдуу күчтөрдүн, этностордун арасындагы кагылыштар жарандык согушка айланып, ал 2020-жылы гана токтогон. Жарандык согуштун кесептинен массалык жакырчылык, ачарчылык, кылмыштуулук күчөгөн. Биздин миссиябыз – өлкөдөгү тынч-тыкты сактоого көмөктөшүү. Лагерлердеги качкындардын коопсуздугун сактоо. Аларга арналган гуманитардык жана башка жардамдардын жетүүсүн камсыз кылуу. Жергиликтүү полиция кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу. UNMISS аттуу бул миссиянын башка миссиялардан артыкчылыгы бул жергиликтүү бийлик органдардын жана жарандардын квалификациясын жогорулатуу. Ушул багытка өзгөчө көңүл бурулуп келет.

– Карапайым калкты коргоо боюнча кандай иш-аракеттер көрүлөт?

– Жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыз кылуу лагерлерди уюштуруу менен ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү жалгыз POC (protection of civilian) лагери дал ушул Түштүк Судандын Судан менен чектешкен Малакал деген шаарында жайгашкан. Бул лагерь жарандык калктын коопсуздугун камсыз кылуу милдетин толугу менен өзүнө алат. Анын ичинде болгон кылмыштуулук менен күрөшүү милдети БУУга жүктөлгөн. Ошол себептен Малакалда коопсуздук толугу менен полиция кызматкерлери тарабынан камсыздалган. Башкача айтканда кылмыш болгон жерге баруу, шектүүлөрдү аныктоо, аларды кармоо, атайын кармоочу жайга алып баруу, тергөө жүргүзүү эл аралык полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Мындан сырткары, бул лагерде патрулдук кылуу күнү-түнү жүргүзүлөт. Тилекке каршы, уурдоо, карактоо, алардын ичинде зордуктоо учурлары өтө көп кездешет.

– Милиция кызматкерлеринин жергиликтүү калк менен мамилеси кандай?

– Жергиликтүү калк менен болгон мамилени куруу жеңил. Башка полиция кызматкерлери менен болгон мамилебиз да жакшы. Эл да биз да дайыма кызматта-шууга даярбыз.

– Калкынын 80%ы жакыр жашайт деген маалыматтар бар?

– Статистика боюнча 80% деп айтылганы менен, жергиликтүү калктын 93%дан ашыгы жакыр жашайт. Түштүк Судан эгемендүү мамлекет болгонуна карабастан, эң оор гуманитардык абалда жашап жатышат. Дыйканчылык кылууга, бир нерсе өстүрүүгө мүмкүн эмес. Түштүк Судан – токойлорго оролгон мамлекет деп айтылат. Бирок, ошол эле учурда анын аянтынын көбүн саздар жана чөлдөр ээлейт. Жаан-жачын  үзүлбөйт.

– Атайын даярдык курстар барбы бизде?

– Тилекке каршы, атайын БУУнун миссиясына даярдык курстары биздин мамлекетте жок. SAAT EXAM сынагын өткөрүү талап кылынат. Мындай сынак 2022-жылы биринчи жолу июнь айында өткөрүлгөн. Нью-Йорк шаарынан сынак кабыл алуу үчүн БУУнун сертификатталган кызматкерлери атайын келген. Кийинкиси качан келээри азырынча белгисиз. Атайын даярдыкты бул жактан өтөбүз.

– Түштүк Суданда эл аралык полиция кызматкерлери көппү?

– Жалпы эл аралык полиция кызматкерлеринин саны миңге жакын. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өкүлдөрү жалгыз гана Түштүк Суданда кызматын көрсөтүп келишет. Биз эл аралык кызматкерлер категориясына киребиз. Бизден сырткары, civilian (жарандык кызматтар) бар, өздөрүн ушундай аташат. Булар БУУнун туруктуу кызматкерлери. Туруктуу болуп иштеген кыргыз жарандары да бар. Бир айда бир же эки жолу кыргыз жарандары жолугушуп турабыз. Жуба борбор шаарында Азия мамлекеттеринин жарандары менен жолугушуу жума сайын жүргүзүлүп турат.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар