Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу 5-мартта Кабмин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон №147 токтомунда белгиленген.
Ага ылайык, жалпы билим берүүчү мекемелердин аймагынан 100 метр радиуста зыяндуу тамак-аш саткан пункттарды жайгаштырууга тыюу салынат.
Мектептерди куруудагы өзгөртүүлөр:
- Жогорку тыгыз курулуш шартында 4-кабаттуу мектептерди курууга уруксат берилет.
- 4-кабатта кызматтык жана рекреациялык жайлар, ошондой эле окуучулар менен иштөө үчүн кошумча бөлмөлөр (психолог, логопед, социалдык педагог кабинети) жайгаштырылат.
- Адаптацияланган имаратта мектеп ачылганда класс бөлмөлөрү, ашканалар, медициналык кабинет, эс алуу зоналары, административдик жана чарбалык бөлмөлөр, даараткана жана кийим-кече сактоочу жайлар болушу шарт.
- Подвалды ашкана, китепкана, спорт зал, бий зал же акт зал катары колдонууга уруксат берилет, бирок санитардык талаптар, жарык, температура жана желдетүү системалары сакталууга тийиш.
Коопсуздук чаралары:
- Жогорудагы жайлардан эвакуация жолдору камсыздалышы керек.
- Өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдардагы коопсуз эвакуация эрежелери сакталат.
- Спорт залдарда жигиттер жана кыздар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу жана даараткана болушу сунушталат. Душ кабина мектептин имаратында курулуш мүмкүнчүлүгү болсо орнотулат. Эгер жеке спорт залы курулбаса, жакын жерде жайгашкан спорт объекттери колдонулат.
Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, тагырагы 26-марттан баштап.

