Башкы беткеМаанилүүЖККУ кыргыз-тажик чек ара келишимин кубаттайт

ЖККУ кыргыз-тажик чек ара келишимин кубаттайт

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюсун кубаттайт. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Эки өлкөнүн лидерлеринин ырааттуу аракетинин жана саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аранын дээрлик миң километрге созулган сызыгы макулдашылды.

Чек ара маселелерин чечүү ар кандай чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө коопсуздукту жакшыртууга жана уюмдун алдындагы милдеттерын аткарууга өбөлгө түзөрү шексиз.

«Коңшу Кыргызстан менен Тажикстанда экономикалык жактан өнүккөн жана ынтымактуу коомду курууда мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар