Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПрезидент Путин АКШ Украинага "Томагавк" ракеталарын берсе жаңы эскалация башталат деп билдирди

Президент Путин АКШ Украинага «Томагавк» ракеталарын берсе жаңы эскалация башталат деп билдирди

Орус президенти Владимир Путин Дональд Трамптын орус-украин жаңжалын басууга аракетин жогору баалай турганын, бирок Вашингтондун Украинага алыска учуучу «Томагавк» ракеталарын берүүгө ниетин кескин сындады.

Орус лидери Путин эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубунда сүйлөгөн сөзүндө Трампты натыйжалуу диалог кылдууга жарактуу, “Украин кризисин жөнгө салуу боюнча изденген лидер катары сыпаттады. Бирок эгер АКШ Укрианага «Томагавк» ракеталарын берсе, мамиле бузула турганын белгиледи. Путин Американын мындай кадамы “согуш талаасында кырдаалды кыйратып деле өзгөртпөйт, орус аскерлеринин ийгилигине тоскоолдук кыла албайт, бирок эскалациянын жаңы этабына жол ачат” деп баалады.

Эске салсак, өткөн апта соңунда Кошмо Штаттар Украинага колдоо иретинде алыска учуучу «Томагавк» ракеталарын берүү тууралуу ниеттенип жатканын билдирген. Вашингтон бул ниетин Кремлдин Трамп ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрдөн баш тартуусун улантып жатканы менен түшүндүргөн.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар