Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаӨлкөдө малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу башталды

Өлкөдө малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу башталды

Кыргызстандын аймагында бодо малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу программасы старт алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. 

Учурда Чүй облусундагы техник-уруктандыруучулар үчүн үч күндүк семинар өтүп жатат. Катышуучулар жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары, малды көбөйтүүнүн заманбап ыкмалары, асылдандыруунун негиздери боюнча терең теориялык билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болууда.

Бул иш-чара Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана малдын асыл тукум сапатын жакшыртуу максатында уюштурулууда.

Семинар БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар