Башкы беткеЭл аралык мамилеАдылбек Касымалиев Бакудагы маданий жайларды көрдү

Адылбек Касымалиев Бакудагы маданий жайларды көрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Баку шаарындагы Гейдар Алиев борборуна жана Азербайжандын Улуттук килем музейине барды.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчысы аталган маданий жайлардын ишмердүүлүгү, архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана көргөзмөлөрү менен таанышты. Айрыкча, Гейдар Алиев борборунун заманбап архитектурасы жана көп функционалдуу маданий мейкиндик катары мааниси белгиленди. Ошондой эле делегация Азербайжандын Улуттук килем музейинде болуп, өлкөнүн бай тарыхын жана маданий мурасын чагылдырган экспонаттарды көрдү. Бул музейде миңдеген уникалдуу килемдер жана кол өнөрчүлүк буюмдары сакталат.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев 1–2-апрель күндөрү Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар