Индияда жол кырсыктан 10го чукул киши мерт кетти

0
4539

Индиянын түштүк-батышындагы Карнатака штатында болгон жол кырсыгында кеминде тогуз адам каза болуп, көптөгөн адамдар жабыркады. Кырсык шаршемби күнү таңкы саат 02:00 чамасында Горлату айылында, Бангалордон 203 км түндүк-батыш жакта катталган.

Маалыматка ылайык, жеке жүргүнчү автобусы чоң жүк ташуучу унаа менен кагылышкан соң өрттөнгөн. Жүк ташуучу унаа жол бөлгүчтү кесип өтүп, автобуска тик келип кагылган.

Автобуста айдоочу жана кондуктор кошо 32 адам болгон.

Индияда мындай өлүмгө алып келген жол кырсыктары көп кездешет. Себептери катары жолдордун начар абалы, ашыкча жүктөө жана этиятсыз айдоо белгиленет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз