Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү учурдагы инфляциялык кырдаалга арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты тууралуу кеңири презентация жасады. Анда керектөө бааларынын индексине таасир эткен ички жана тышкы факторлор талданып, жакынкы мезгилге карата инфляциялык күтүүлөр боюнча божомолдор айтылды.
Жыйында баалардын туруктуулугун сактоо фискалдык жана монетардык чаралардын тыгыз координациясын талап кылары белгиленди.
Докладдарды угуп жатып, Данияр Амангелдиев экономикалык өсүштүн жогорку темпинин шартында жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо Министрлер Кабинетинин негизги артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи.
«Экономиканын динамикалуу өнүгүшү инфляциялык процесстерге катуу көзөмөл жүргүзүү менен коштолушу керек. Биз тышкы шоктордун ички рынокко тийгизген таасирин, айрыкча социалдык маанидеги товарларга болгон басымды азайтууга милдеттүүбүз», — деди ал.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча ыкчам чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугуна жана ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
Ошондой эле Данияр Амангелдиев макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды өз убагында аткарууда ведомстволордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.

