Башкы беткеРубрикаларАймактарАйкөл айылында 225 орундуу мектеп курулду

Айкөл айылында 225 орундуу мектеп курулду

Лейлек районунун алыскы Айкөл айылында Наркозу Батыров атындагы орто мектеп курулуп бүттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган билим берүү мекемеси 225 окуучуга ылайыкталып, окуу үчүн толук шарттар түзүлүүдө.

Мектепти Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы республикалык бюджеттин эсебинен курду. Курулушка жалпы 106 млн 252 миң сом каралган.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган мектептин окуучулары мындан 75 жыл мурда ашар жолу менен курулган мектепте билим алып келген. Мекеме ӨКМ тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылгандан кийин жаңы мектептин курулушу башталган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар