Башкы беткеМаанилүүЖакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандар кароосуз калбайт

Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандар кароосуз калбайт

Министрлер кабинети Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжал аймактарындагы кыргызстандык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын план түздү жана баш министрдин буйругу менен бекитти. Планга ылайык, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуу зонасында калган кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо планы иштелип чыкты.

Аталган планды ишке ашыруу үчүн жооптуу координациялык орган болуп Тышкы иштер министрлиги бекитилди. Тышкы саясий ведомство 11-мартта маалымдагандай, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери ал жактан Кыргызстандын 300 жараны алынып келинди. Министрлик Перс булуңу аймагында 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.

Перс булуңунда жүргөн кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо 4-мартта башталган. Акыркысы 8-мартта жүргүзүлүп, Катардан, анын ичинде Доха шаарындагы круиздик лайнерден чыгарылган 166 кыргызстандык алынып келинген.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар