whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыштоо, жылкычы жана арс чычкан

Кыштоо, жылкычы жана арс чычкан

Анда 7-8 жашта элем. Атам жылкычы. Кыштообуз айылдан бир топ эле обочо турат. Күнүгө барып келип жылкы багабыз. Ал кезде кыш да өзгөчө суук болор эле. Кар да тизеден өйдө жаайт. Азыркы «аномальный холод» анда күн алыс эле болуп турса керек…

Атам экөөбүз таң эрте эки атты минип кыштоого жөнөйбүз. Сайдын шамалы өзгөчө да. Тумакты баса кийип, кулагын түшүрүп, ээгиме байлап алам. Ак-Талаага чыга бергенде урган шамал, дем алдырбай бетиңди аймалайт. Жол-Жылгага кире бергенде гана кичине далдоо болбосо, Тес-Таш, Топ-Өрүктүн ызгаары ат үстүнөн учуруп ийгидей демитет. Алманын башына баргыча не бир азапты тартасың. Биз барчу жолдо из жок, кар калың жааган, жолду күрткү уруп койгон. Аттын омуроосуна чейин кар. Ат аттыгынан эле күрткүгө тыгылып, карды жиреп бизди кыштоого алпарар эле. Мен дароо жылкыларды сарайдан чыгарып, сугарганы жөнөйм. Атам сыртка, кар үстүнө чөп чачат. Жылкылар кечке сыртта жүрүшөт. Анан курсакты тойгузуп алып, сарай ичине, акырларга чөп салып, кечкинин камын көрөбүз. Кечинде сарайдын оозун бекитип, атам колун жайып, «Камбар-Ата, жылкыларды өзүңө, өзүңү Кудайга тапшырдым», – деп, жылкынын пирине кайрылып, Кудайга жалынып, бата кылып үйгө жөнөөр элек. Күнүгө ушул   көрүнүш.

«Чычкандар көбөйдү. Чыптаны жарып, жемди чачышыптыр», – деп атам наалып жүргөн. Бир күнү сарайга чөп ташып атканбыз. Арс чычкан чуркап баратыптыр. Атам көрө сала, «Таксыр Арс» деди. Тиги Арс чычкан алдыңкы эки колун көкүрөгүнө коё, тике туруп калды. «Сизге арыз», – дегенде, кадимкидей кулагын төшөп укту. «Кампа толо данымды чычкандарыңыз чачып…» деп, атайын бу жаныбарга кайрылган арыз сөздөр бар белем, айтор, уйкаштыра сөз айтып арызданды. Арызданып бүткөн соң, Арс акырын гана басып кетти. Мындайды көрбөгөм, атама таңданып карадым. «Чычкандардын падышасы балам, булардын өз жашоо, шерти бар», – деди. Кийин чычкандар чын эле жоголуп кетти…

Бала экемин да. Ушундай суукту карабай, атамын жанында жүрөр элем. Анан калса, жылкы менин жан дүйнөм эле. Таңдан кечке аттын артынан жүрөм. Чөп салам, жем берем, жабуусун жабам, таң ашырам, бастырам, айтор, менин жашоом ушул  эле…

Азырчы? Азыр ал күндөр жок. Андагы табият да башкача эле.. 

Керим Айдаров,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

Мурунку макала
Кийинки макала

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар