Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев Түп районундагы социалдык объектилердин иши менен таанышты

Адылбек Касымалиев Түп районундагы социалдык объектилердин иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түп районундагы бир катар социалдык объектилерге барды.

Түп айылында Министрлер Кабинетинин башчысы В.Кайкин атындагы орто мектепке барып, анда жакында аяктаган капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. Окуу жайы 850 окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда мектепте 1400 окуучу билим алууда.

Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев окуучулар жана мугалимдер менен баарлашып, балдарга окууда ийгиликтерди, ал эми педагогдорго жемиштүү иш каалады.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы М.Элебаев атындагы Түп райондук борборлоштурулган китепкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Китепкананын имараты 1978-жылы курулган. Учурда мекеменин китеп фонду 52 миңден ашуун нусканы түзөт. Жолугушууда китепканаларды өнүктүрүү концепциялары талкууланды.

МинКаб төрагасына өлкөнүн облустарында жана райондорунда маданий борборлорду түзүү боюнча долбоор сунушталды. Аталган борборлордо музейлер, китепканалар, коворкинг зоналары, кафелер, кинотеатрлар, маданият үйлөрү жана концерттик залдар жайгашмакчы. Учурда тиешелүү долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда.

Мындан тышкары, жумушчу сапардын алкагында Түп районун социалдык жана инфраструктуралык жактан өнүктүрүү боюнча бир катар пландар сунушталды. Алардын катарында аллеяларды жана парк зоналарын түзүү, ошондой эле социалдык объектилерди куруу каралган.

Андан ары Адылбек Касымалиев Түп районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, медициналык мекеменин инфраструктурасынын абалы менен таанышты. Борбордун аймагында 60 орундуу аймактык оорукана иштейт. Анын курулушу 2021-жылы башталып, 2024-жылы аяктаган. Оорукананын курамында хирургия, педиатрия, төрөт жана реанимация бөлүмдөрү бар.

Ошол эле учурда бейтаптардын агымынын көптүгүнөн улам мекеменин учурдагы кубаттуулугу жетишсиз болуп жатканы белгиленди.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга райондун социалдык жана медициналык инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды. Анын ичинде оорукананын аймагына жаңы корпустарды куруу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери белгиленди.

Ошондой эле сапардын алкагында Адылбек Касымалиев “Каркыра” жыл бою иштей турган тоо лыжа базасын куруу боюнча инвестициялык долбоордун жүрүшү менен таанышты. Долбоор өнүккөн туристтик инфраструктурасы бар заманбап тоо курортун түзүүнү карайт.

Учурда долбоордун биринчи этабы ишке ашырылып, комплекстин аймагында ондон ашык конок үй курулууда. Мындан тышкары, техникалык жабдуулар, анын ичинде аркан жолунун негизги элементтери сатылып алынган.

Адылбек Касымалиев аймактын туризм тармагындагы потенциалы жогору экенин белгилеп, мындай долбоорлорду ишке ашыруу облустун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн айтты.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар