Астанада Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган кыргыз мюзиклдери көрсөтүлүүдө

Астана шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өтүп жатат.

Анын алкагында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театры сахнасында жазуучунун чыгармаларынын негизинде даярдалган “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзиклин жана “Жамийла” мюзиклин казак көрүүчүлөрүнө жана мекендештерге тартуулоодо.

Бул маданий иш-чара Садыр Жапаровдун колдоосу менен, ошондой эле президенттин Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыгынын негизинде уюштурулууда.

2026-жылдын 17-мартында аталган театрда “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли ийгиликтүү көрсөтүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри Нурбек Саясат, маданият министринин орун басары Марат Тагаев, жазуучунун уулу Элдар Айтматов, Казакстандын маданият жана маалымат министринин орун басары Айбек Сыдыков, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев жана маданият ишмерлери катышты.

Иш-чара кыргыз жана казак элдеринин маданий байланышын чыңдап, улуу жазуучунун мурасын эл аралык деңгээлде даңазалоого багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз