Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада ийгилик жаратты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада ийгилик жаратты

2026-жылдын 5–12-март күндөрү Россиянын Долгопрудный шаарында өткөн П.Л. Капица атындагы эл аралык физика олимпиадасы жогорку деңгээлдеги илимий мелдеште кыргызстандык окуучулар ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүштү.

Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 2 коло медаль жеңип алды:

  • Эмилбеков Айтегин (11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби) — жеке эсепте коло медаль
  • Туташев Умар (10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби) — командалык эсепте коло медаль

Мындан тышкары, олимпиадага төмөнкү окуучулар да катышты:
Темирхан Салиев (11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби),
Касымов Марсель (10-класс, «Маариф»),
Мырзабеков Нурбол (10-класс, «Маариф»).

Команданын машыктыруучулары — Андрей Сидоренко жана Тургунбек Омурканов.

Белгилей кетсек, KIPHO олимпиадасы үч этаптан турат. Анда катышуучулар физика боюнча теориялык жана эксперименталдык тапшырмаларды жеке жана командалык форматта аткарышат.

Бул жетишкендик кыргызстандык окуучулардын илим-билим жаатындагы потенциалы жогору экенин дагы бир жолу далилдеп, өлкөнүн эл аралык билим берүү аренасындагы аброюн бекемдейт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар