Башкы беткеРубрикаларБилим берүүЖРТ: “Булак” акысыз мобилдик тиркемеси ишке кирди

ЖРТ: “Булак” акысыз мобилдик тиркемеси ишке кирди

Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдануу үчүн «Булак» акысыз мобилдик тиркемеси ишке кирди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

“Кыргызстанда биринчи жолу мындай тиркеме иштелип чыкты. Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануучуларга каалаган убакта, каалаган жерде даярдануу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Тиркемени иштеп чыгууда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору сунуштаган өткөн жылдардын тесттик тапшырмалары колдонулду. Алардын негизинде адистер жасалма интеллекттин технологияларын колдонуу менен негизги предметтер боюнча окшош суроолорду даярдашты», — деп айтылат маалыматта.

Тапшырмалардын сапатын камсыз кылуу максатында Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан экспертиза жүргүзүлгөн. Адистер суроолордун туура түзүлүшүн, мектеп программасына шайкештигин, татаалдыгын, ошондой эле баалоонун объективдүүлүк принциптерине шайкеш келишин текшерген.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар