whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономикаУлуттук экономикада орчундуу структуралык жылыштар

Улуттук экономикада орчундуу структуралык жылыштар

Улуттук экономикада орчундуу структуралык жылыштар болууда. Учурда улуттук экономиканын түзүмүндө өнөр-жай тармагынын үлүшү 16,5%га жакындады, курулуштуку 8,3, айыл чарба  8,6% жана кызмат көрсөтүү тармагы 61,1% түзөт.

Өнөр жай тармагында жогорку экономикалык өсүштү тамак-аш, текстиль өнөр жайы, полиграфия продукциясын, компьютерлерди, мунайзат жана фармацевтика продукцияларын чыгаруу, машина жана жабдууларды өндүрүү  тез өнүгүүдө жана бул өлкөдөгү импортту алмаштыруу, атамекендик өндүрүштү колдоо саясатынын жыйынтыгы деп эсептесе болот. Аталган тармактар 2024-жылдын  жыйынтыгы боюнча тамак-аш 120%, текстиль 130,5%, мунайзат 186%, фармацевтика 121%, машина жана жабдууларды өндүрүү 148%  эң чоң экономикалык өсүштү камсыз кылды, компьютер чыгаруу  3 эсеге көбөйдү.

Мамлекеттин реалдуу экономиканы колдоосу кеңейди. 2024-жылы мамлекеттик бюджеттен экономиканы өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөнү сактоого 32 млрд. сом каралды жана бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 6 эсеге өстү. Эгерде 2020-жылы мамлекеттин бюджетинин чыгымдарында экономикага кеткен чыгымдар 3,3%ды түзсө, 2024-жылы ал 8,7%ды түздү. Мамлекеттин бюджети керектөөчү мүнөздөн айрылып, чыныгы  өнүгүү бюджетине айланды.

Жумабек ЖАИЛОВ,
экономика илимдеринин доктору

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар