Жаңы экономикалык өнүгүү моделин ишке киргизүү Кыргызстандын эгемендүү тарыхында чынында өз алдынча көз каранды эмес экономиканы түзүүнү, татаал социалдык маселелерди чечүүнү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылды.
Учурда Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБ алкагында экономикалык өсүш темптери боюнча алдыңкы орундарга чыкты (2021-жылы 5,5%, 2022-жылы 9%, 2023-жылы 9,2% жана 2024-жылы 9%). 2024-жылы Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 1523,8 млрд. сомду түздү жана анын ар бир адамдын жан башына карата көрсөткүчү 2500 АКШ долларга жакындады.
Мындай туруктуу экономикалык өсүш темптери Кыргызстандын тарыхында биринчи болду. Анын негизинде мамлекеттик бюджетте профицит пайда болду жана тышкы мамлекеттик карыздан кутулууга тиешелүү шарттар түзүлдү. Мамлекеттин бюджетинин киреше бөлүгү төрт жылда 2 эсе, 209 млрд. сомдон 420 млрд. сомго өстү.
Жумабек ЖАИЛОВ,
экономика илимдеринин доктору