Башкы беткеМаанилүүКыргызстандыктар автоунааны сатуудагы киреше салыгынан бошотулду

Кыргызстандыктар автоунааны сатуудагы киреше салыгынан бошотулду

Салык кызматы мындай жеңилдик калкты колдоо максатында берилип жатканын белгиледи. Эми жеке жактар бир жылдан бери ээлик кылган машина үчүн 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алган кирешесине карата салыктардан, айып пулдан жана туумдардан бошотулат.

Бирок бир нече шарттар бар:

▪️Жеңилдик жеке ишкерлерге тиешелүү эмес

▪️Салыктан бошотуу карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө сот чечими жок болсо гана колдонулат

▪️Салык буга чейин төлөнгөн болсо, анда ал кайтарылып берилбейт

Салык кызматы бул жеңилдик бир жолку болуп саналарын белгиледи.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар