Сириянын Коргоо министрлиги 9-январда Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрт кошуундарынын ортосунда бир нече күндөн бери уланып жаткан куралдуу кагылышуулардан кийин ок атышууну токтотуу режими жарыяланганын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, ок атышууну токтотуу режими саат 03:00дөн тартып Алеппонун Шейх Максуд, Ашрафия жана Бани Зейд райондорунда күчүнө кирди. Ошол эле учурда күрт күчтөрүнө аталган аймактардан жума күнү саат 09:00гө чейин чыгып кетүү талабы коюлду.
Соңку кагылышууларда кеминде 21 адам каза болуп, миңдеген жайкын тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды. Бул окуя Сирияда мурдагы президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан бери катталган эң ири куралдуу жаңжал катары мүнөздөлүүдө.
АКШ колдогон жана өздөрүн Сириянын демократиялык күчтөрү (SDF) деп атаган күрт кошуундары өлкөнүн мунайга бай түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлдөп келет. Алар 2019-жылы “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө негизги роль ойногон.
AFP агенттигинин маалыматына ылайык, бейшемби күнү кечке чейин күрттөр көп жашаган Ашрафия жана Шейх Максуд райондорунда катуу салгылашуулар уланган. Алепподогу соңку окуялар үчүн тараптар бири-бирин айыптоодо.

