U-20: Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы турнирде алдыга чыкты

Кыргызстандын хоккей боюнча U-20 жаштар курама командасы эл аралык мелдеште катары менен үчүнчү ирет жеңишке жетишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.

Турнирдин үчүнчү айлампасында кыргызстандык хоккейчилер Ирандын жаштар курамасын 15:1 эсебинде ири айырма менен утуп алышты. Оюндун биринчи бөлүгүндө эле Кыргызстандын командасы 8:0 эсебинде алдыга чыгып, беттештин тагдырын чечкен.

Бул оюнда Алихан Али-Аскаров төрт шайба киргизип, эң жогорку көрсөткүчкө жетсе, Умар Эгембердиев менен Егор Лещенко үчтөн шайба автору болушту.

Үч айлампанын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы 9 упай топтоп, турнирдик таблицанын сап башында ишенимдүү орун алды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз