Фермерлерге 6 пайыздык жеңилдетилген лизинг: айыл-чарба техникаларын алуу шартында

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлерди колдоого багытталган 6 пайыздык жеңилдетилген лизинг долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келет. Долбоордун максаты — фермерлердин машина-трактордук паркын жаңылоо жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери министрликтин демилгеси жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” аркылуу жети лизингдик долбоор ишке киргизилген. Анын алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар 7 жылдык мөөнөткө, жылына 6 пайыздык чен менен жеңилдетилген шартта берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин колдоосу менен фермерлерге жалпы суммасы 27,9 миллиард сомду түзгөн 9 миң 863 даана техника тапшырылган. Анын ичинен 9,8 миллиард сомго бааланган 2 миң 853 даана техника былтыр фермерлерге берилген.

Адистердин айтымында, 6 пайыздык жеңилдетилген лизинг долбоору айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, чыгымдарды кыскартууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция өндүрүүгө шарт түзүүдө. Бул долбоор аймактардагы фермерлер үчүн ишенимдүү колдоо механизми катары бааланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз