Бишкекте “Сүймөнкул” улуттук мюзикли сахналаштырылат

Бишкек шаарында улуу талант ээси Сүймөнкул Чокморовдун образын даңазалаган “Сүймөнкул” аттуу улуттук мюзикл көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мюзикл Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 12–13–14–15–16–17-февраль күндөрү сахнага коюлат. Спектаклдин башталышы саат 18:30да.

Мюзиклдин автору — акын Акбар Кубанычбеков. Чыгармада улуу инсан Сүймөнкулдун тагдыры, ички дүйнөсү, чыгармачылык жолу жана улуттук маданиятка кошкон салымы көркөм образдар аркылуу чагылдырылат.

Уюштуруучулардын айтымында, бул мюзикл кыргыз сахна өнөрүндөгү өзгөчө долбоорлордун бири болуп, көрүүчүлөргө руханий азык тартуулайт.

Билеттерди Кыргыз улуттук филармониясынын кассасынан жана kassir.kg сайты аркылуу сатып алууга болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз