Күлкү ден соолуктун мүлкү
Калифорния университетинин окумуштуулары жылмаюу – стресстик абалга кабылган учурдагы жагымсыз абалды жеңилдетүүгө жардам берерин далилдешти.
Экспериментке 57 студент катышып, алар колдорун муз салынган сууда 2 мүнөттөн кармап турушкан. Алардын жүрөктөрүнүн кагышы менен жүздөрүнө атайын датчиктер, видеокамералар аркылуу байкоо жүргүзүлгөн. Башкаларга караганда жылмайып тургандардын жүрөк кагуусу төмөнүрөөк жыштыкта болгону аныкталган. Жылмаюу кан какшаткан муздакты төмөндөтө албаганы менен, көбүрөөк жылмайгандар позитивдүү эмоцияда болгонун айтышкан.
Акыйтканы үчүн айып пул
Индиянын жараны PVR INOX кинотеатрлар тармагы менен BookMyShow билеттерди брондоо платформасын сотко берип утуп алды. Буга фильм башталар алдында 25 мүнөт бою жарнамалар, трейлерлер көрсөтүлө бергени себеп болгон
Арыз берүүчүнүн айтымында, фильмдин башталышы 16.05 деп көрсөтүлгөнү менен 16.30да башталган. Мындай кечиктирүүдөн улам индиялык жаран ишинен кечигип, ал аз келгенсип пландаштырган иштерине да жетишпей калган. Мунун айынан “жан дүйнөсү жабыркагынын” айтып, сотко кайрылган.
Сот доогердин арызын канааттандырып, PVR INOX кинотеатрлар тармагын 1150 доллар айып пул, 575 доллар компенсация жана 115 доллар соттук чыгымдарды төлөөгө милдеттендирген. Соттук чечимде ар бир адамдын убактысы баалуу жана андан кимдир бирөөлөр пайда табууга укуксуз экени айтылат.
Кирпич чогултуп Гиннеске кирди
Американын Охлома штатында бышкан кирпичтерди коллекциялаган улгайган адам капысынан дүйнө жүзүнө таанылды. 87 жаштагы Клем Рейнкемейер 40 жыл бою ар кайсы доордогу миңден ашык бышкан кирпичтердин түрүн чогулткан.
Аларды сактоо үчүн ал үйүнүн жанына атайын сарай курган. Рейнкемейер сапарлап жүргөндө анын кызы менен күйөө баласы чогулган кирпичтерди санап көрүшүп, бардыгы 8882 болгонун билишкен. Анан алар атасына айтпай Гиннес рекорддор китебине арыз жолдошуп, пенсионер дүйнө жүзүндөгү эң чоң коллекциянын ээси катары аныкталган.
Анын коллекциясынын арасында 1941-жылы курулган Пентагон турган жердеги төшөмө көчөнүн брусчаткасы жана биздин заманга чейин 100 жыл мурда жасалган байыркы рим кирпичи да бар болгон.
Фараон Тутмос IIнин көрүстөнү табылды
Египеттик жана британиялык изилдөөчүлөр Египетти 3500 жыл мурун башкарган фараон Тутмос II көрүстөнүн табышты. Казуу учурунда көк түскө боёлгон, сары жылдыздар тартылган шыпты табышкан.
Бул кабырда фараон өзү көмүлгөн деген белгини туюндурат. Казуу тобунун башчысы Пирс Литерленддин айтымында, кабырга чоң тепкич жана өтө узун коридор аркылуу киришкен. Бирок кабыр бош болуп чыккан. Археологдор көрүстөндөгү урандыларды иргеп жатып, Тутмос II жана анын аялы Хатшепсуттун ысымы чегерилген гипс вазалардын сыныктарын табышкан.
Пирс Литерленд вазалардын сыныктары табылганы жакшы болгонун жана алар аркылуу кабыр кимге тиешелүү экенин аныктаганга мүмкүнчүлүк болгонун айткан.
Банан таштагыч ким?
Англиянын Бистон шаарында ар бир айдын биринчи жана экинчи күнүнүн ортосунда белгилүү бир жерге бир адам табакка салынган аарчылган банандарды таштап кетүүнү адат кылган.
Бул көрүнүш бир жылга созулса да бул сырдуу кишини эч ким таба элек. Шаардыктардын айрымдары бул иш ритуалдык мааниге ээ ырым-жырым десе, башкалар бул жапайы жаныбарларга болгон камкордук деп божомолдошот. Үстүнө бал сыяктуу суюктук куюлган банандарды ким таштап кетип жатканын билүүгө канчалык аракет кылышса да, анын ким экени азырынча ачыкка чыкпай, табышмак бойдон калууда.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”