17-июнда Казакстандын баш калаасы Астанада “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммити өтөт.
Казак маалымат агенттиктери билдиргендей, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин кечээ, 16-июнда Астанага расмий сапар менен келди. Бул саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары катышары күтүлүүдө.
Айрым маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммитке катышмакчы.
Региондо барган сайын таасири артып, экономикалык, транзиттик, логистикалык ролу жогорулап бараткан Кыргызстан үчүн бул саммитке жана Борбор Азия-Кытай интеграциялык процесстерине жигердүү катышуу чоң мааниге ээ.
Эске салсак, биринчи саммит 2023-жылы Кытайдын Сиань шаарында өткөн. Бул саммит кезектеги жыйын эмес, Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын дагы бир көрүнүшү деп эсептешет эксперттер.
Айтмакчы, саммиттин алкагында Астана шаарында “Борбор Азия – Кытай” экинчи өнөр жай-инвестициялык форуму башталды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев форумдун пленардык жыйынынын ордо калаабыздын инвестициялык потенциалы тууралуу кеңири презентация жасап, форумдун катышуучуларын жагымдуу инвестициялык климатты жана туруктуу шаардык чөйрөнү түзүү боюнча мэриянын артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды.