Венгрияда акыркы ондогон жылдардагы эң маанилүү деп бааланган шайлоолор өтүп жатат. Бул саясий өнөктүк өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да чоң кызыгуу жаратууда.
Өлкөнү 2010-жылдан бери башкарып келе жаткан премьер-министр Виктор Орбан бул жолу өзүнүн саясий карьерасындагы эң олуттуу атаандаштыкка туш болду. Анын негизги атаандашы — оппозиция лидери Петер Мадьяр, ал мурда Орбандын союздашы болуп келген.
Шайлоо участкалары жекшемби күнү таңкы саат 6:00дө ачылды. Шайлоо өнөктүгү өз ара айыптоолор, жеке чабуулдар, куугунтуктоолор жана айрым учурларда зомбулук фактылары менен коштолду. Ошондой эле чет элдик кийлигишүү тууралуу дооматтар да айтылды.
Саясий талдоочулар бул шайлоону Виктор Орбандын 16 жылдык башкаруусуна карата референдум катары баалап жатышат. Узак убакыттан бери ал парламенттеги басымдуу көпчүлүккө таянып бийликте турган.
Эксперттердин пикиринде, бул жолу шайлоонун негизги өзгөчөлүгү — оппозиция бир талапкердин айланасына биригип, реалдуу атаандаштык жарата алгандыгы. Мурда оппозиция күчтөрү бөлүнүп-жарылып келген.
Бул шайлоонун жыйынтыгына Европа, АКШ жана Россия да өзгөчө көңүл бурууда. Анткени анын жыйынтыгы Венгриянын ички жана тышкы саясатына олуттуу таасир этиши мүмкүн.