Бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ангола Республикасынын тышкы иштер министри Тете Антониу менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле 2024-жылы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери өз ара байланыштар оң нукта өнүгүп жатканын белгилешти.
Тараптар саясий диалогду активдештирүүгө жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары, тышкы иштер министрликтери ортосунда туруктуу иш байланыштарды сактоо жана көп тараптуу аянтчалардагы кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.


