Япониянын алдыңкы корпорациялары ички рынокко багытталган заманбап жасалма интеллект (ИИ) платформасын иштеп чыгуу демилгесин көтөрүштү. Бул тууралуу Kazinform агенттиги кабарлады.
Долбоорго SoftBank, NEC, Honda Motor жана Sony Group сыяктуу ири компаниялар катышууда.
Маалыматка ылайык, жаңы түзүлө турган структура АКШ жана Кытайдагы технологиялык чечимдер менен атаандаша ала турган ИИ продуктыларын тез иштеп чыгууга багытталат.
Баштапкы этапта негизги ролду SoftBank жана NEC ойнойт. Кийинчерээк аларга Preferred Networks компаниясы кошулат.
Долбоордун алкагында негизги ИИ моделдери гана эмес, өндүрүш тармагында колдонулуучу, анын ичинде роботторду башкаруучу системалар сыяктуу колдонмо чечимдер да иштелип чыгат. Бул үчүн жаңы компания 100гө жакын адисти тартууну пландап жатат.
Каржылоо маселеси боюнча демилге New Energy and Industrial Technology Development Organization (NEDO) мамлекеттик агенттигине кайрылууну көздөйт. Бул уюм ИИ тармагын өнүктүрүүгө 1 триллион иенге (болжол менен 6,3 млрд доллар) чейин каражат бөлүүнү карап жатат.
Долбоордун жетекчиси болуп SoftBank компаниясынын жогорку даражалуу менеджерлеринин бири дайындалышы күтүлүүдө. Эксперттер бул демилге Япониянын технологиялык көз карандысыздыгын бекемдеп, дүйнөлүк жасалма интеллект рыногундагы позициясын күчөтүүгө жардам берет деп баалашууда.