Түркиянын Хатай, Османие жана Йозгат облустарында катуу жааган жамгыр селге айланып, бир катар аймактарда олуттуу зыянга алып келди.
Айрыкча Антакья районунда түнкү жаан эртең менен күчөп, көчөлөрдү суу каптап, жолдордо калган унаалар куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды. Османие облусунда да абал оор болуп, жер алдындагы өтмөктөр жабылып, суу турак үйлөргө жана соода жайларына чейин кирди. Бийлик кесепеттерди жоюу иштерин жүргүзүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Кадирли районунда 2 миллион лира бөлүнүп, 200дөн ашуун үй, бир нече ишкана жана унаалар жабыркаган. Ошондой эле эки адам каза болгону кабарланды.
Ал эми Акдаамадени районунда дарыя нугунан чыгып, айыл жолдору суу алдында калып, турак үйлөр менен чарбалар зыянга учурады.