Эгерде, адамды жапайы ит же мышык тиштеп ала турган болсо, дароо дарыгерге кайрылып, кутурмага каршы дарылануу керек. Антпесе, адам өлүмүнө алып келет.
Көчөдөн жаныбарлар тиштеп алса кайдыгер кароонун арты жаман болот. Буга Малайзиянын 13 жаштагы тургунунун окуясы мисал болот. Баланын башы айланып, кусуп, тамакка табити жоголуп, сүйлөгөнү түшүнүксүз болуп, басканы дагы мурдагыдай болбой калган. Андан сырткары ал суу дагы ичпейт болчу. Бул райондо кароосуз калган ит, мышыктар көп жүрөт. Алардын ичинен кутуруп кеткен мышык баланы тиштеп алган экен.
Мындай симптомдор пайда болгондо адамды дарылоо өтө кыйын. Бирок, дарыгерлер кутурган жаныбар тиштеген адамды дароо алып келсе, вакцина сайып дарыласа болорун, балдарды жалгыз көчөгө ойногону чыгарбоо керектигин эскертишүүдө.