whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭлектр энергиясына тарифтер көтөрүлдү

Электр энергиясына тарифтер көтөрүлдү

Өлкөдө 1-майдан тарта электр энергиясынын жаңы тарифтери күчүнө кирди. Энертетика министрлигинин маалыматына ылайык, электр энергиясына тарифтердин жогорулашы — энергетиканын туруктуу өнүгүүсүнө карай жол.

Өлкөнүн энергетикалык системасынын басымдуу бөлүгү совет мезгилинде курулгандыктан, учурда ал кеңири модернизациялоого муктаж. Жыл сайын электр энергиясына болгон муктаждык өсүүдө — бул калктын көбөйүшү, жабдуулардын эскирүүсү жана климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштуу. Мындай шартта электр энергиясына тарифтердин жогорулашы аргасыз чара эмес, энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган кадам болуп саналат.

Белгиленгендей, туруктуу жана ишенимдүү электр камсыздоосу тармактарды, подстанцияларды жаңылоосуз, жаңы кубаттарды куруусуз жана бар жабдууларды реконструкциялоосуз мүмкүн эмес.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК — электр энергиясын ташуу жана бөлүштүрүүчү компания катары, электр камсыздоонун сапатын жогорулатууга, инфраструктураны кеңейтүүгө жана жаңы абоненттерди туташтырууга багытталган ири иштерди жүргүзүүдө. Бул иш-чаралар чоң каржылык ресурстарды талап кылат.

2024-жылы компания тарабынан ишке ашырылган иштер:

• 110 кВ чыңалуудагы 4 көмөк чордон, 35 кВ чыңалуудагы 3 көмөк чордон, жана 10 кВ чыңалуудагы 1 бөлүштүрүү пункту курулуп, пайдаланууга берилди;
• 220 кВ жана 110 кВ чыңалуудагы 10 көмөк чордон, 10 кВ толук бөлүштүрүүчү түзүлүштөр (КРУН) алмаштырылды;
• 220 кВ жана 110 кВ чыңалуудагы 8 өчүргүч жаңыртылды;
• 9 административдик имараттын курулушу, реконструкциясы жана оңдоп-түзөөсү жүргүзүлдү;
• 124,1 миң акылдуу эсептегичтер орнотулду;
• 75 даана атайын техника сатып алынды;
• Электр энергиясына жетпеген Зардалы айылына энергия камсыздоосу камсыздалып, ар бир үйгө жана коомдук мекемелерге жалпы минималдуу кубаттуулугу 306 кВт болгон 61 комплект күн панелдери, 200 литрлик 6 комплект күн жылыткычтар жана аккумулятор батареясы менен жабдылган 600 Вттык 75 көчө прожекторлору орнотулду.

2025-жылга пландар-өнүгүүнүн кийинки этабы:

• Компаниянын каражаттарынын эсебинен республика боюнча 110 кВ жана 35 кВ чыңалуудагы 6 көмөк чордон куруу;
• 10/0,4 кВ чыңалуудагы 646 трансформатордук көмөк чордондордун, трансформаторлордун кубаттуулугун орнотуу жана жогорулатуу;
• 500 миңден ашуун акылдуу эсептегичтерди орнотуу жана алмаштыруу;
• Жаңы 6 административдик имарат куруу;
• Эскирген жыгач мамыларды темир бетон мамыларга алмаштыруу жана эски зымдарды 260 км 10 кВ жана 434 км 0,4 кВ чыңалуудагы СИП өзүн өзү көтөрүүчү зымдарга өткөрүү;

Ошондой эле 0,4–500 кВ чыңалуудагы тармактарда көмөк чордорду, трансформаторлорду жана электр чубалгыларын оңдоо пландалууда:

• 35–500 кВ чыңалуудагы 760 көмөк чордон;
• 10/0,4 кВ чыңалуудагы 22 099 трансформатордук көмөк чордон;
• 35–500 кВ чыңалуудагы 11 119,2 км электр чубалгысы;
• 0,4–10 кВ чыңалуудагы 125 662,8 км электр чубалгысы.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар