Башкы беткеМаанилүүШыкмаматов: "Патенттерди колдонууда ККМ жана ЭСФ жокко чыгарылат"

Шыкмаматов: «Патенттерди колдонууда ККМ жана ЭСФ жокко чыгарылат»

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жарыялаган патент системасына кайтуу боюнча Кактус медиага маалымат берди.

Айтымында, бул президенттин тапшырмасы менен жасалган. Учурда чакан жана орто бизнестин патенттери кайтарылып бериле турган токтомдун долбоору даярдалууда.

«Патенттин тарифтери мурдагыдай болбойт. Алар ишкерлердин кирешесин жана аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет. Бул соода, кичи жана орто бизнеске тиешелүү», — деди Шыкмаматов.

Ал базарлар үчүн өзгөчө режим Кара-Суу базарында гана сакталып, Дордойдо жокко чыгарылганын белгиледи. Ал эми Кара-Суу базарында бирдей тариф патентке алмаштырылат.

«Салык салуунун патенттик формасына кайтып келгендер ККМ жана ЭСФ колдонуудан бошотулат»,- дейт Алмамбет Шыкмаматов.

Ал эми патенттердин так тизмеси кийинчерээк берилет деп убада кылды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар