Башкы беткеСаясат жана коомКоомИпотекалык компанияга “Түндүк” тиркемеси аркылуу катталуу функциясы иштелип чыгат

Ипотекалык компанияга “Түндүк” тиркемеси аркылуу катталуу функциясы иштелип чыгат

Мамлекеттик ипотекалык компанияга “Түндүк” тиркемеси аркылуу катталуу функциясы иштелип чыгууда.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Түндүк” тиркемесине жаңы функцияны иштеп чыгууда. Бул мүмкүнчүлүк жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталып, батир алуу үчүн арыз тапшырууга шарт түзөт.
«Биз жарандардын мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө умтулабыз. Бул функциянын жардамы менен ипотекалык компанияга катталуу тез жана ачык-айкын болот. Бул чечим жарандарыбыз үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат деп ишенебиз», — деди Каныбек Туманбаев.
Жаңы функция жакынкы убакта жеткиликтүү болуп, катталуу жана арыз берүүдө кыйынчылыктарга туш болгон жарандар үчүн ыңгайлуулукту камсыздайт. Бул жаңылык турак жай алууну жеңилдетип, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар