Башкы беткеСаясат жана коомКоомКөмүр менен иштеген отказандар жылуулук насосторуна өткөрүлүүдө

Көмүр менен иштеген отказандар жылуулук насосторуна өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын «Новопавловка» МАБнын аймагындагы №118 мектепке кубаттуулугу 360 кВт болгон 18 бирдик жылуулук насостору орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, күн мурун Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев жаңы коюлган жабдууларды текшерди.

«Иштер, борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган жылуулук насосб   тор «Бишкекжылуулукэнергонун» отканаларына биринчи жолу орнотулууда. Азыркы учурда шаардын билим берүү уюмдарындагы төрт отканага 48 бирдик жылытуучу насостор орнотулуп жатат.

Негизинен, жылуулук насосунда керектелген электр энергиясы төмөнкү отундарды алмаштыра алат: көмүр, жаратылыш газы жана суюк отун.

«Иштер, борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар