Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОоганстан: Жарым миллиондой адам табият кырсыктарынан улам жер которду. Кесепети

Ооганстан: Жарым миллиондой адам табият кырсыктарынан улам жер которду. Кесепети

Эл аралык миграция уюмунун 27-февралда жарыяланган соңку баяндамасында, Ооганстанда 2024-жылы табият кырсыктарынан улам 500 миңге жакын киши жер которгону жазылган.

«Акыркы 12 айдын ичинде климаттык кырсыктар тогуз миллионго жакын адамга таасирин тийгизди. Сел, кургакчылык жана башка табигый кырсыктар 500 миңден ашуун адамды үйүн таштап кетүүгө мажбурлады», – деп белгиленет уюмдун баяндамасында.

Маалыматка ылайык, өзгөчө Герат жана Фарах облустары катуу жабыркаган.

Эл аралык миграция уюму «Келечекте Ооганстанда 11 миллиондон ашуун адам климат кырсыктарынын оор кесепеттерине туш болушу мүмкүн», – деп билдирди.

Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму кургакчылык, сел, жердин кунары качып, айыл чарбанын начарлашы – өлкөдөгү башкы коркунучтардын бири экендигин айтат.

Анткени өлкө калкынын 80% айыл чарба менен күн көргөндүктөн мындай кырсыктар алардын жашоосуна олуттуу таасир этет.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар