Башкы беткеСаясат жана коомКоомКөп батирлүү үйлөрдүн башкаруусуна талап күчөтүлдү. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Көп батирлүү үйлөрдүн башкаруусуна талап күчөтүлдү. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам 2025-жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, шериктиктин башкармалыгынын курамына жашы жеткен, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.

Шериктиктин башкармалыгынын төрагасына жогорудагы талаптар коюлган жана Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча талап коюлган.

Эгерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн аракеттери же аракетсиздиги турак жай ээлеринин кызыкчылыктарына зыян келтирип жатса, алар чакыртып алынышы мүмкүн.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар