Башкы беткеСаясат жана коомКоомДүйнөнү айланган учкучтар биринчи жолу Ысык-Көлдө чогулат

Дүйнөнү айланган учкучтар биринчи жолу Ысык-Көлдө чогулат

1-июндан тарта Ысык-Көлдө алгачкы жолу жер шарын айланып чыккан учкучтар чогулат. Бул тууралуу Учкучтар менен авиаторлордун кыргыз ассоциациялык бирикмесинин төрагасы Союзбек Салиев «Спутникке» билдирген.

Анын айтымында, иш-чарага АКШ, Улуу Британия, Аргентина, Жаңы Гвинея, Швейцария, Германия, Испания, Россия жана Австрия сыяктуу мамлекеттерден жалпысынан 45 пилот катышат. Кээ бирлери өз тик учактары менен келишет.

“Пилоттор 2 жылда бир чогулуп, маалымат алмашып турат. Алар быйыл Кыргызстанда алгачкы жолу жолугат. Жолугушчу жерге Кыргызстанды 3 жыл мурун көрсөтүп, арыз жазып, 3 өлкөнүн ичинен утуп алганбыз”, — деди Салиев.

Белгилей кетсек, Союзбек Салиев — Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен жер шарын учуп айланып чыккан жалгыз учкуч.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар