whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Азиз Санжарга Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгын тапшырды

Садыр Жапаров Азиз Санжарга Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгын тапшырды

Президент Садыр Жапаров 21-майда Будапешт шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) бейрасмий саммитинде дүйнөгө таанымал илимпоз, Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжарга «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгын тапшырды.

Сыйлыкты тапшыруу учурунда Садыр Жапаров Азиз Санжарды илим менен маданиятты бириктирген көпүрө катары мүнөздөп, анын ишмердүүлүгү бүткүл дүйнөлүк илимий коомчулук үчүн шыктануунун булагы экенин белгиледи.

«Анын молекулярдык биологияга жана медицинага кошкон зор салымы жөн гана бир адамдын жетишкендиги эмес, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон окумуштуулар үчүн шыктануу болуп саналат», — деди мамлекет башчысы.

Президент Санжардын улуу түрк элинин өкүлү жана замандашыбыз катары дүйнөлүк илимге кошкон салымы менен сыймыктанарын кошумчалап, бул сыйлык анын түрк дүйнөсүнүн маданий жана интеллектуалдык элчиси катары ордун тааныган эл аралык баа экенин айтты.

Азиз Санжар — ультрафиолет нурларынын таасиринен бузулган ДНКны калыбына келтирүү механизмин изилдеген дүйнөлүк деңгээлдеги биохимик. Анын иштери картаюу жана рак илдетинин өнүгүү процесстерин түшүнүүгө өбөлгө болгон. Ал 400дөн ашык илимий макаланын жана 30дан ашуун китептин автору. 2015-жылы бул жааттагы изилдөөлөрү үчүн Химия боюнча Нобель сыйлыгына татыган.

Эске салсак, Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлык 2022-жылы биринчи жолу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго ыйгарылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар