whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖаңы министрликтер түзүлдү. Элдин пикири кандай?

Жаңы министрликтер түзүлдү. Элдин пикири кандай?

Биз айрым жарандарга кайрылып, жаңы министрликтердин түзүлүшү боюнча пикирин угуп көрдүк.

Гүлзада СТАНАЛИЕВА,
филология илимдеринин кандидаты:

“Илим өнүкпөсө коомдук турмуш өнүгүшү кыйын болот”

– Менин жеке оюмда эки министрликти бөлүп түзүү туура болду. Анткени, азыркы Билим берүү жана илим министрлиги көбүнчө мектептер менен алек болуп, ЖОЖдор экинчи планга өтүп калган болчу. Эми Агартуу министрлиги ЖОЖдорго, окумуштууларга көбүрөөк көңүл бурат деп ойлойм. Буга чейин окумуштууларыбыз өлкөнүн ичинде гана таанымал болуп келишсе, эми дүйнөлүк аренада өз ордун табууга мүмкүнчүлүк көбөйөт. Дүйнөлүк уюмдар окумуштуулардын рейтингин популярдуу журналдарга чыккан макалаларына карап жарыялашат. Кыргызстандык окумуштуулар дагы чет тилдерде илимий макалаларын жарыялай башташат.

Сыртбай МУСАЕВ,
филология илимдеринин доктору,
профессор, УИАнын академиги:

“Өз убагындагы туура, калыс чечим деп эсептейм”

– Көптөн бери билим берүү менен илим тармагын экиге бөлүү жөнүндө айтылып, бирок турмушка ашырылышы аябай кечеңдеп жаткан. Ырас, бир караганда мектеп менен илимди бири-биринен ажыратып кароого эч мүмкүн эместей көрүнөт. Бирок, билим берүү менен илимди уюштуруу жана башкаруу маселесине келгенде, бири-бирине жолтоо, тос-коол жараткан жагдайлар болуп, эки тармактын өнүгүшүн артка тартып келген. Агартуу тармагы өтө чоң тармак, а ошол эле учурда илим тармагынын чабыты андан да кенен. Бир министрликтин шаасы да жетпейт, эки баштуу министр болсо да кыйналат-кысталат. Россияда капкачан билим берүү менен илим экиге ажыратылган. Кеп, Россия Кыргызстандан территориясы жана калкынын саны боюнча чоң мамлекет болгону үчүн эмес, кеп агартуу системасы менен илим тармагы өз алдынча чоң тармактар болгону үчүн. Андыктан, агартуу жана илим тармагынын экиге бөлүнүшү мыйзам ченемдүү жана өз убагындагы туура, калыс чечим деп эсептейм, колдойм.

Венера АКМАТОВА,
филология илимдеринин доктору, профессор:

“Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн бүт контентин өзгөртүү зарыл”

– Эл аралык тажрыйбада билим берүү системасындагы бул эки тармак өз-өзүнчө каралган учурлар бар жана максатка ылайыктуу. Анткени заманбап билим берүү мейкиндиги абдан кеңейип, ар тараптуу болуп өзгөрүп жаткандыктан, кечиктирбей чече турган көйгөйлөр, милдеттер, чакырыктар абдан көп. Ошондуктан бир мекеменин ишти тартып кетүүсү абдан оор. Мектеп билим берүүсүнө эле байланыштуу канча бир көйгөйлөрдү чечүүгө туура келет. Акыркы учурларда көбүнчө мектептин маселелерине эле көңүл бурулуп, жогорку окуу жайларын сапаттык реформалоо, илимий изилдөөлөрдү координациялоо да жаңыча мамилени талап кылып турган эле. Илимий изилдөө иштеринин бүт табияты жогорку билим берүү менен тыгыз байланышкан, ал эми инновация бул экөөнө тең тиешелүү. Түзүлүп жаткан шарттан пайдаланып Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн бүт контентин өзгөртүү зарыл. Жогорку окуу жайларын структуралык жактан оптималдаштырып, окутулуп жаткан адистиктердин ички мазмунуна көңүл буруу туура болот.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, серепчи:

“Агартуу министрлигинде мектептик билим берүүнүн “казанында кайнап” чыккандар гана иштеши керек”

– Бул эң туура болду. Советтик мезгилде союздук деңгээлде ушундай болгон. Агартуу министрлиги бакчаларда таалим-тарбия, мектептерде орто билим берүү менен гана алектениши керек. Ага илимди, инновацияларды кошуу туура эмес болгон. Анда башаламан болуп, тигил жагы да, бул жагы да жакшылап колго алынбай калаарын практикадан көрдүк. Агартуу министрлигинде мектептик билим берүүнүн “казанында кайнап” чыккандар гана иштеши керек. Ал эми илим жагы аябай татаал. Биздин ЖОЖдордо илимий иштер менен такай алектенгендер 10 пайыздан ашпайт. Окутуучулардын көбү диссертацияларын жактап, илимий даража алышкандан кийин илимине деле кызыгышпайт. Азыр бизде илимдин реалдуу турмушка эч кандай тиешеси жок. Ал эми турмуш менен экономиканын илим менен иши жок кырдаал түзүлгөн. Илим жана инновация министрлиги мына ушул жагдайды оңдоп ЖОЖдорду илимий борборлорго айлантып, экономика, өндүрүшкө бир нерсе бере алса, өзүн актайт. Анте албаса актабайт.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар