Бүгүн, 6-мартта саат 10:56 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымына кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Учурда жолдо бир тараптуу каттам иштеп жатат, жол кыймылы контролдоодо.
Жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен карды тазалоо жана жолду толук ачуу иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.


