Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-мартта Анкарадан билдиргендей, Ортоңку Чыгышта чыңалуунун деңгээли коркунучтуу болуп, аймакта тынч тургундар, анын ичинде балдар жабыркаган. Эрдоган Түркиянын чек араларын жана аба мейкиндигин коргоого жана коопсуздугуна коркунуч жаралса союздаштары менен биргеликте бардык зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин айтты.
Президент Түркия көп багыттуу дипломатиялык аракеттерди улантып, кандар төгүлүп кетпеши жана чыңалуунун кайра кайтарылгыс деңгээлге жетпеши үчүн иш алып барарын баса белгиледи.


