Президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузган айдоочулардан жеринде тест алууга азырынча эрте экенин билдирди. Мамлекет башчы бул демилге айдоочулардын билим деңгээлин текшерүү максатында сунушталганын белгилеп, эгер айдоочу жол эрежесин билбесе, күбөлүгүн кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөрүн эске салды.
Жапаровдун айтымында, МАИ кызматкерлери өзү толук даяр болбосо, мындай система ишке ашпайт. Ал ошондой эле мындан ары күчкө салып күбөлүк сатып алуу таптакыр болбойт экенин, жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралган, бирок президенттин маалымат катчысы ИИМге документти чакыртып алууга тапшырма берилгенин маалымдаган.


