Башкы беткеРубрикасы жокРоссия жана Украина туткундарын алмаштырышты

Россия жана Украина туткундарын алмаштырышты

Россия жана Украина жаңы туткун алмашууну өткөрүштү. Бул жолу алмашуу «200гө 200» формуласы менен ишке ашты.

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, алмашуу АКШ жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн. Россиялык аскерлер Беларуска жеткирилген, аларга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Андан соң алар Россияга жөнөтүлүп, дарыланып жана реабилитациядан өтөт.

Киев тарап да алмашууну ырастап, Украина президенти Владимир Зеленский АКШга жана «Украинага жардам көрсөтүп жаткандарга» ыраазычылык билдирген. Украиналык маалымат булактарынын маалыматына караганда, бошотулган адамдардын арасында Мариуполду коргоп жүргөн жана 4 жыл туткунда болгон аскерлер бар.

Аталган алмашуунун уландысы катары 6-мартка «300гө 300» формуласы боюнча жаңы алмашуу пландалып жатат. Россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский бул иш-аракеттер Женевада 17-18 февралда өткөрүлгөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында макулдашылганын белгиледи. Макулдашууларга ылайык, ар тарап 500 туткунду бошотууну караган.

Эскерте кетсек, мурунку алмашуу 5-февралда «157ге 157» формуласы менен жүргүзүлгөн, ал учурда кайтып келген россиялыктардын ичинде Курск облусунун үч жай тургуну да бар болчу.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар