Башкы беткеРубрикаларДен соолукЭне жана баланы коргоо борборуна эндоскопиялык жабдуулар тапшырылды

Эне жана баланы коргоо борборуна эндоскопиялык жабдуулар тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна SonoScape 550 үлгүсүндөгү эндоскопиялык медициналык жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жабдуулар борбордун дарыгерлеринин кайрылуусунун негизинде балдар эндоскопия бөлүмү үчүн 16,5 млн сомго сатылып алынган. Аларды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

Камчыбек Ташиев борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, медициналык кызматкерлер менен пикир алышты.

Эндоскопиялык жабдуулар ички органдарды изилдөөгө жана айрым хирургиялык процедураларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле балдардагы оорулардын диагностикасын так жүргүзүүгө жана дарылоону жакшыртууга шарт түзөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар