Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) макамын ыйгаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жобонун негизги максаты:
– Инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
– маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана башка чектеш чөйрөлөргө чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартуу;
– арыздарды берүүнүн, документтерди текшерүүнүн жана “Санариптик көчмөн” статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуу механизмин түзүү.
Ага ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
– чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн статусун ыйгарууну белгиленген тартипте камсыз кылат;
– “Санариптик көчмөн” статусунун ыйгарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт;
– зарыл учурда чет өлкөлүк жаран билдирген иштин түрүн баалоо үчүн мамлекеттик органдарды, адистештирилген компанияларды, эксперттик уюмдарды жана компетенттүү адистерди тартат.
Ал эми, Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк жарандардын – жеке ишкерлер катары катталган, “Санариптик көчмөн” статусунун ээлеринин санын эсепке алууну жүзөгө ашырары көрсөтүлгөн.