whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭдил Байсалов Лондондогу кыргыз еврооблигацияларынын ийгилигин белгиледи

Эдил Байсалов Лондондогу кыргыз еврооблигацияларынын ийгилигин белгиледи

2-июнда Президенттин администрациясында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Улуу Британиянын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча соода комиссары Кэмерон Полеонун жолугушуусу болуп өттү.

Маалыматка ылайык, тараптар кызматташтыктын негизги багыттарын – саясий диалог, соода-экономикалык байланыштар, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана эмгек миграциясы боюнча талкуулашты.

Байсалов Улуу Британия Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөшү бойдон кала берерин белгилеп, Лондондо 700 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын суверендүү еврооблигацияларын биринчи жайгаштыруу ийгиликтүү болгонун баса белгиледи.

Concrete Canvas менен пилоттук долбоор жана Чүй облусунда заводдун курулушу, ошондой эле Көкөмерен дарыясында ГЭС куруу жана маанилүү пайдалуу кендердин стратегиясын иштеп чыгуу боюнча Boston Consulting Group (BCG) менен кызматташуу талкууланды.

2-июнда Президенттин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Улуу Британиянын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча соода комиссары Кэмерон Полео менен жолугушуу болуп өттү.

Тараптар кызматташтыктын негизги багыттарын – саясий диалог, соода-экономикалык байланыштар, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана эмгек миграциясы боюнча талкуулашты.

Байсалов Улуу Британия Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөшү бойдон кала берээрин белгилеп, Лондондо 700 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын суверендүү еврооблигацияларын биринчи жайгаштыруу ийгиликтүү болгонун баса белгиледи.

Concrete Canvas менен пилоттук долбоор жана Чүй облусунда заводдун курулушу, ошондой эле Көкөмерен дарыясында ГЭС куруу жана маанилүү пайдалуу кендердин стратегиясын иштеп чыгуу боюнча Boston Consulting Group (BCG) менен кызматташуу талкууланды.

2024-жылдын акырына карата Улуу Британия Европадагы кыргыз продукциясынын эң ири импорттоочусу болуп калды. Сезондук жумушчулар программасынын натыйжалуулугу белгиленди – буга чейин 8 миңден ашык жаран жумуш менен камсыз болгон, квота планы 17 миң.

Тараптар өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар